12 кишинин абалы оор, алтоо реанимацияда. Дарыланып жаткандардын абалы

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКоронавирусту жуктурган оорукананын кызматкери. Архив
Коронавирусту жуктурган оорукананын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын саны 1594кө жетти.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 12 кишинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта коронавирус жуктуруп алган 512 бейтап ооруканада.

"Стационарларда дарыланып жаткан бейтаптардын 12синин абалы оор. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө алты киши жатат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

Ооруканадагы медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мындай боло элек болчу! Бир суткада 27 медик коронавирус жуктурду
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0