Мындай боло элек болчу! Бир суткада 27 медик коронавирус жуктурду

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкерлери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медиктер арасында 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алардын бешөө Бишкек шаарында, 15и Ош шаарында, жетөө Нарын облусунда иштегендер”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медик стационарлардан айыгып чыккан.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0