Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековСууга түшүп жаткан балдар. Архив
Сууга түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер адам сууга чөгө баштаса, өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө киши эмнени эске алыш керектигин санап берип, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскертти.

Сууга түшүү эрежелери:

  • Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
  • Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек;
  • Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;
  • Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
  • Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
  • Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
  • Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңештер

"Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса адамдын өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар көлгө түшкөндө алыс жакка сүзүп кетпөөнү, тамакка тоюп алып сууга түшпөөнү да эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0