15:18 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
296 0 0

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу боюнча качан жана кантип маалымат алуу керектигин бул материалдан окусаңыз болот.

Коронавирустун жайылышынан улам түзүлгөн кырдаал абитуриенттердин жашоосуна дагы бир топ таасир этти. Университеттер келечектеги студенттери менен аралыкта иштеп, онлайн иш-чараларды өткөрүүдө. Аларда бүтүрүүчүлөр бардык суроолоруна жооп ала алат. Бүгүн Бишкектин айрым ЖОЖдорунда пландалган иш-чараларды тизмектедик.

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети онлайн форматындагы ачык эшик күндөрүн 1-5-июнь күндөрү өткөрөт. Түз эфирде кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен факультет декандары кабыл алуу кампаниясы тууралуу айтып берет.

Маалымат берүү күн сайын саат 11:00дө КРСУнун youtube-каналында башталат.

  • 1-июндагы онлайн-диалогго КРСУнун ректору Владимир Нифадьев жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү катышат;
  • 2-июнь — медицина жана табигый-техникалык факультеттери;
  • 3-июнь — юридика жана экономика факультеттери;
  • 4-июнь — эл аралык мамилелер жана гуманитардык факультеттер;
  • 5-июнь — архитектура, дизайн жана курулуш факультети, КРСУ колледжи.

Университетке тапшыруу боюнча бардык маалыматтарды окуу жайдын сайтынан көрүүгө болот.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ачык эшик күнүн 23-майда өткөргөн. Трансляция окуу жайдын сайты жана социалдык тармактагы баракчасы аркылуу көрсөтүлгөн.

Бирок муну менен онлайн-жолугушуулар бүтүп калган жок. Келеркисин ЖОЖдун сайтынан акмалап туруңуздар.

Борбордук Азиядагы Америка университети абитуриенттер үчүн күн сайын онлайн-жолугушууларды өткөрүүдө. Аларды окуу жайдын Facebook жана Instagram тармактарындагы баракчаларынан көрсөңүздөр болот.

Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети келечектеги студенттери үчүн онлайн-жолугушууну 30-май күнү саат 15.00дө өткөрө баштайт. Ага Zoom тиркемеси аркылуу кошула аласыз. Кошумча маалыматты университеттин сайтынан алыңыз.

Кыргызстан эл аралык университетинин онлайн-жолугушуусу 1-июнь күнү саат 13:00дө. Маалыматты окуу жайдын сайтынан биле аласыз.

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети абитуриенттер менен күн сайын Zoom тиркемеси аркылуу жолугушууда. Университет райондук билим берүү башкармалыгы, мектеп директорлору жана ата-энелер менен жолугушуулар тууралуу сүйлөшүп, кийин аларга онлайн-жолугушууга кошулуу шилтемесин беришет. Жума сайын 30-40 жолугушуу өтүп жатат. Кошумча маалыматты ЖОЖдун сайтынан алыңыз.

"Ала-Тоо" эл аралык университети маал-маалы менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Анын социалдык тармактагы баракчасы жана сайты аркылуу маалымат алып туруңуз. Ачык эшиктер күнү июль айынын башына пландалган.

"Адам" университети (Бишкек финансы-экономикалык академиясы) өзүнүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу бүтүрүүчүлөрү катышкан түз эфирлерди көрсөтүп турат. Ачык эшиктер күнү июнь айынын ичинде өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясы, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети ачык эшик күнүн өткөрүүнү пландоодо, бирок датасы белгилене элек. Андыктан КУАУ, КММА жана КРПКБА сайттарын акмалап туруңуз.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) ачык эшик күндөрүн өткөргөн. Ошондой эле Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) кесип тандоого байланыштуу материал даярдаган.

Тема боюнча

Студенттер дипломдук ишин онлайн жактап, кээ бир экзамендер күзгө калат
Министрлик: ЖОЖдор абитуриенттерди 20-июлдан тарта кабыл алат
Белгилер:
абитуриент, маалымат, сайт, ЖОЖ, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ