Бишкекте ысык суунун качан өчүрүлөрү айтылды

© Фото / Pixabay / PublicDomainPicturesВаннадагы душтун краны. Архив
Ваннадагы душтун краны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон. Шаар жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурады.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаада 1-июндан 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон. Мындай аракеттер ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана келерки жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн жасалууда. Калаа жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурады.

Ал эми Бишкектеги фонтандар 1-июндан тарта иштей баштаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0