Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен

© Фото / предоставлено Кенешбеком ЖумабаевымЫсык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев
Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкандыктан майда жана ири жер титирөөлөр болуп турат. Аны алдын алууга маани берүү керектигин адистер дайыма айтып келүүдө.

Тилекке каршы, азыркы күндө өкмөт тарабынан сейсмологияга олуттуу көңүл бурулбаганы байкалууда. Ушул көйгөй тууралуу колумнист Алмаз Батилов Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев менен маектешкен.

— Cейсмология адистигин кандайча тандап калдыңыз?

— 1975-жылы Пржевальск педагогикалык институтунун физика факультетинде мугалим болчумун. Сейсмология адистигин тандап калганыма физика-математика илимдеринин кандидаты Турдубек Көчөрбаев түрткү болду. Ал Томскинин политехникалык институтунан илимий ишин коргоп келген. Жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору Александр Воробьев сейсмология боюнча көрүнүктүү окумуштуу болчу. Александр Акимович Пржевальск пединститутунда Турдубек агай аркылуу конкурс өткөрүп үчөөбүздү тандап алды. 1979-жылы февралда Томск политехникалык институтуна бардык. Александр Акимович бизди илимий кызматкер кылып алды.

© Фото / предоставлено Кенешбеком ЖумабаевымЫсык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев
Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев

— Жетекчиңиздин негизги багыты эмнеси менен айырмаланчу эле?

— Воробьев "жер кыртышы электромагниттик толкундарды чыгарат, демек, силкинүү алдында электромагниттик толкундар жогорулайт, ошонун натыйжасында жер титирей турганын алдын ала айтууга болот" деген божомолду айткан. Ал Томск политехникалык институтунун алдындагы заводдо ошол багыттагы аппаратура жасатат. 1977-жылы Турдубек агай Томскиден Воробьевдун долбоору боюнча жасалган бир аппаратты алдырып, Пржевальск пединститутунун имаратына орнотуп, иштете баштады.

— 1978-жылы ушул аппараттын негизинде Түп-Жаналаш жер титирөөсүн так айткан турбайсыңарбы?

Эл аралык деңгээлдеги таанымал окумуштуулардын бири Талант Рыспаев (солдо) - Sputnik Кыргызстан
Эмгеги медицина, авиация, машина курууда колдонулат. Окумуштуу Рыспаевдин маеги
— Ооба. 1978-жылы 24-мартта Түп районунун жана Казакстандын Кеген чөлкөмүндөгү Жаналаш айылында жер титирөө болгон. Ушул жер титирөөнүн алдында Томскиден алып келген аппарат чоң өзгөрүүлөрдү көрсөттү. Ошол түнү саат үчтөн беш мүнөт өткөндө Түп районунда катуу жер титиреп, толук кыйрады. Кийин дагы бир нече жер титирөөнү алдын ала айттык.

— Андан кийинки иштер кандай нукта өнүктү?

— Алгач Томск политехникалык институтунда Александр Акимович жасаткан аппарат менен илимий методикаларды үйрөндүк. 1980-жылы Пржевальск шаарына төрт аппаратты алып келип, Ысык-Көл өрөөнүнүн тегерегине орноттук. Биз Томск политехникалык институтунун Кыргызстандагы илимий лабораториясы катары иштей баштадык. Мунун баарын сибирдик институт каржылады. Лабораториянын жетекчилигине Томскиден ушул багытта ишин коргогон Алымбай Токтосапиев дайындалды. Лабораториянын негизинде республикада эл анча байкабаган бир нече жер титирөөлөрдү алдын ала айттык. Аппаратура менен илимий методиканы иштеп чыктык. 1981-жылы Воробьев каза болгондон кийин командабыз чачырады. Анын үстүнө Токтосапиев Кыргыз ССРинин Академиясына илимий кызматкер болуп кетет. Ошон үчүн Томскинин политехникалык институтунан мага кайрадан илимий тайпа түзгүн деп тапшырма берилди. Кыска убакыттын ичинде жаңы команда түздүм. 1981-жылы лабораториянын жетекчилигине дайындалдым.

© Фото / из личного архива Кенешбека Жумабаева“Сейсмология боюнча бир адисти даярдоого 10-15 жыл кетет. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугу үчүн мындай адистерди даярдоо зарыл”, — дейт Жумабаев. Ал өзү да бир нече шакирттерди тарбиялап чыгарган
Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен - Sputnik Кыргызстан
“Сейсмология боюнча бир адисти даярдоого 10-15 жыл кетет. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугу үчүн мындай адистерди даярдоо зарыл”, — дейт Жумабаев. Ал өзү да бир нече шакирттерди тарбиялап чыгарган

— 1988-жылы декабрда Арменияда болгон жер титирөөнү изилдегени барган турбайсыңарбы. Ал жерден кандай жыйынтык чыгардыңар?

— Армениянын Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан, Спитак шаарларында 11 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзаладан жабыркагандар Ереван шаарындагы Сейсмология институтун курчап, нааразы болуп чоң митинг өткөрүшөт. Себеби бул жер титирөөнүн алдында табият белги бергенин жергиликтүү эл байкаган экен. Буга чейин кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер бетинен жогору көтөрүлгөнүн, айрым кудуктарда суунун соолуганын, жаныбарлардын жүрүм-туруму өзгөргөнүн көрүп еревандык кесиптештерибизге айтышат. Бирок армениялык окумуштуулар көңүл бурбай коюшат. Бир аз убакыттан кийин жер катуу титирейт. Далай адам өлдү, армян эли эбегейсиз зыян тартты. Жергиликтүү калктын да үрөйү учуп калган. Мындан улам СССРдин жетекчиси Михаил Горбачев Союздагы сейсмология боюнча илимпоздорду Арменияга топтоп, дагы ушундай алаамат болор-болбосун тактагыла деген талап коёт. Алардын катарына биз да кошулдук. Тайпабыз он окумуштуудан куралган эле. 1988-жылы 20-декабрда Томскиден Арменияга бардык. Жогоруда айтылган үч калаа согуштагыдай талкаланганын көрүп, жакабызды кармадык. Спитак шаарына келгенден кийин чатырларга жайгашып, аппараттарды орнотуп, ишке кириштик. Күн сайын жетекчиликке маалымат берип турдук. Мурункудай катуу жер титирөө болбой турганын, майда-барат гана силкинүүлөр болорун боолголодук. 1988-жылы 20-декабрдан баштап 1989-жылдын февраль айынын аягына чейин бардык божомолдорубуз туура чыкты.

© Фото / из личного архива Кенешбека ЖумабаеваСССРдин Эл чарба жетишкендигинин башкы комитети тарабынан Кеңешбек Жумабаевге берилген күбөлүк
Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен - Sputnik Кыргызстан
СССРдин Эл чарба жетишкендигинин башкы комитети тарабынан Кеңешбек Жумабаевге берилген күбөлүк

— 1992-жылы жайында силердин лабораторияңар Кыргызстанда жер титирөө болорун алдын ала билген турбайбы?

— Ооба. Өлкө жетекчилигине жана жергиликтүү бийликке маалымат берип турчубуз. Кыргызстанда биринчилерден болуп 1989-жылы жарым жылга чукул "Заря Ала-Тоо" гезитине Көл кылаасы боюнча сейсмикалык божомолду орус жана кыргыз тилинде жарыялап турдук. 1992-жылы 18-июнда жер титирей турганын билип, маалыматты өлкө жетекчилигине жашыруун гриф менен жөнөттүк. Мамлекеттин жетекчилиги биздин маалыматты тастыкташ үчүн Сейсмология институтуна жиберет. Алар үч күн текшерип, жыйынтыгында институттун кызматкерлери "мындай жер титирөөнү эч ким алдын ала айта албайт, биздин институттагы аппаратура андай өзгөрүүнү көрсөткөн жок" деп жооп беришет. Мындан соң жетекчилик маалымат берген топтун башчысы илимий көз карашын далилдеп бере албаса, анда топтун ишмердүүлүгүн токтотууга документ даярдагыла деген тапшырма берет. 22-июнда мени Бишкекке чакыртышты. Борборго чейин самолет менен келип, шаар ичинде эл дүрбөлөңгө түшүп жатканын көрдүм. Эртең менен жер титирептир. Сейсмология институтуна барып, кайсы факторлордун негизинде алдын ала божомол жасаганыбыз тууралуу айтып берсем, унчуга алышкан жок. Ошентип илимий тайпабыз сакталып калды.

Окумуштуу, ойлоп табуучу Сатыбалды Чериков - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуу Чериков: бийлик КР илимпоздору ойлоп тапкан нерседен чет элдикин өйдө көрөт
1992-жылы 29-майда Алматыдагы кесиптештерибиз Ысык-Көл облустук администрациясына 30-майда Көл кылаасында катуу жер титирөө болот деген маалымат жиберет. Жергиликтүү бийлик биздин топтон ушул маалыматты тастыктап бергиле деп суранды. Биз аларга аппараттарыбыз мындай өзгөрүүнү көрсөткөн жок, демек, коркунуч жок дедик. Облустук администрация жергиликтүү телевидениеден чыгып, элди тынчтандыргыла деп өтүндү. Биз 1,5 саат бою кеңири маалымат бердик. Андан кийин системалуу түрдө Ысык-Көл облустук телевидение менен радиодон Көл кылаасы боюнча сейсмикалык абал жөнүндө калкты кабардар кылып турдук.

— Демек, жер титирей турганын алдын ала айтып, ошого жараша аракеттерди көрүүгө болот турбайбы?

— Ооба, болот. Бирок азыр биздин буга чама-чаркыбыз чектелүү болуп турат. Бизди 1992-жылдын июнь айына чейин Томск политехникалык институту каржылады. Союз урагандан кийин бул жогорку окуу жайдын жетекчилиги Томскиде калып, ишибизди улантууну сунушташты. Биз баш тарттык. Ошентсе да Томск биз менен илимий байланышын үзгөн жок. 1992-жылы Караколдо "Ысык-Көл геофизикалык полигону" атындагы мамлекеттик кичи ишканасын түздүм. 2002-жылы Москвадан автордук патент алдык. 2008-жылы Томск политехникалык университети мени чакырып, жол киремди төлөп бир ай стажировкадан өткөрүп, дагы үч аппаратты бекер берди. Аларды алып келип, лабораторияга орноттук. Анын негизинде Ысык-Көл аймагындагы геодинамикалык процесстер боюнча илимий иштерди жасадык. 2009-жылга чейин Өзгөчө кырдаал министрлиги жана башка мамлекеттик структуралар өп-чап каржылап турду. Тилекке каршы, 2009-жылдан баштап мамлекет тарабынан каржылоо токтоду. Ошол эле жылы Курманбек Бакиевге да кайрылганбыз. Биринчиден, мурдагы аппаратураны жаңыртыш үчүн Томскиден кайрадан сатып алыш керек. Экинчиден, бул жогорку окуу жай менен илимий долбоорду жандандыруу зарыл. Үчүнчүдөн, жаңы 25 аппаратты Кыргызстандын сейсмологиялык абалы кооптуу аймактарына коюп, геодинамикалык процесстерди иликтөөгө болот. Мунун бардыгына баш-аягы 10 миллион сом бөлүп берүүнү сураганбыз. Азыркы күндө деле жаңыртууга ушул сумманы сарптап аппаратураны алса болот, бирок тилегебиз таш капты. Ошондон бери кайрылбаган жерибиз калган жок. Азыркы учурда илимий тайпабызда 12 адис бар. Алды 70ке таяп калды. Эң жашы 50дөн өттү. Кээ бирлери Караколдун жогорку окуу жайларында иштеп жатышат, айрымдары мектепте сабак берип жүрүшөт. Биз топтогон тажрыйбага мамлекет көңүл бурбагандыгы катуу кейитет. Эң башкысы — биздин илимий жолду улап кете турган окуучуларыбыз жок.

© Фото / из личного архива Кенешбека ЖумабаеваКеңешбек Жумабаев: биз топтогон тажрыйбага мамлекет көңүл бурбагандыгы катуу кейитет.
Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен - Sputnik Кыргызстан
Кеңешбек Жумабаев: биз топтогон тажрыйбага мамлекет көңүл бурбагандыгы катуу кейитет.

— Бир сейсмологду даярдаш үчүн канча убакыт керек?

— Бул багыт боюнча бир адисти даярдоого 10-15 жыл кетет. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугу үчүн мындай адистерди даярдоо зарыл. Ошондуктан кайрадан Томск политехникалык университети менен илимий байланыш түзүп, аппаратураны иштетүү жана методиканы үйрөтүүгө жаш адистерди жибериш керек. Антпесек жакынкы келечекте чет мамлекеттен адистерди чакырып, аларга ири көлөмдөгү айлык төлөөгө аргасыз болобуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0