Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды

© Sputnik / Артём Коренюк / Медиабанкка өтүүСыналгынын пульту. Архив
Сыналгынын пульту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеш "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандык телеканалдарга жашы жете элек балдарга зыян келтириши мүмкүн делген берүүлөрдү жана тасмаларды саат 7.00дөн 23.00гө чейин көрсөтпөө сунушталууда. Бул тууралуу парламент жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

"Биздин телеканалдар адатта чет элдин тасмаларын көп көрсөтүшөт. Анда жаш балдардын психологиясына терс таасир этчү зордук-зомбулук же сексуалдык маанайдагы эпизоддор бар. Адатта андайларды балдар көрбөсүн деп ошол тасманы тарткан өлкөлөрдө өздөрү жаап же кыскартып коюшат", — деди министр.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
Анын айтымында, эгер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, министрликтин маалымат бөлүмү телеканалдардын контентин көзөмөлгө аларын, аны бузгандар жоопко тартыларын кошумчалады.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев балдарды мындай жол менен керексиз маалыматтан коргоо мүмкүн эмес экенин, алар интернеттен каалаган нерсени көрө аларын айтты.

Депутаттын мындай дооматына Жаманкулов экинчи окууга интернеттеги коопсуздук боюнча дагы кошумчалар болорун билдирип жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0