Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты

© Sputnik / Бакыт СмаиловМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары Кыргызстандагы музейлерде баалуу экспонаттар жоголуп, бул нерсе коомчулукта бир топ нааразычылыкты жаратып келет.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын бир нече музейинен жоголуп кеткен баалуу экспонаттарга байланыштуу иштер боюнча эч ким жоопко тартыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышып жаткан жыйынында белгилүү болду.

Министрден депутат Айнуру Алтыбаева чырга айланган мумия, Тарых музейинде жоголуп кеткен башка эскпонаттар жана Гапар Айтиев музейиндеги жасалмаланган эки сүрөт боюнча кандай иштер жүрүп жатканын жана күнөөлүүлөр кандай жаза тартканын сурады.

Министр Жаманкулов бул иштердин айрымдары боюнча иш козголуп, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

“Тарых музейинде 1991 жана 1998-жылдары жана 2019-жылкы өрттө көп жоготуулар болгон. Бул боюнча бир канча кылмыш иши козголгон, азыр каралып жатат. Учурда бир нече экспонат башка өлкөлөргө чыгарылып кеткени, башка биржаларда сатылгандыгы тууралуу маалыматтар чыгууда”, — деди министр.

Ошондой эле ал Гапар Айтиев атындагы музейде сүрөттөрдүн алмаштырылышы боюнча күнөөлүүлөр анын ордун толтуруп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

“Сүрөттөр табылган жок. Эми аны жасаган адамдар сүрөттүн базардагы баасын же ошол баадагы сүрөттөрдү берүүнү сунуштап жатышат. Жакында чечим кабыл алынат”, — деди Жаманкулов.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Тарых музейи боюнча соттук ишке катышуудан баш тартты
Ал эми Баткенде жерге берилген мумия ошол бойдон калтырылганы айтылды.

Эске салсак, 2017-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делип, Тарых музейинде сакталып турган мумия жерге берилген. Баалуу эскпонаттын жок кылынышы коомдоо чуу жараткан.

Ал эми былтыр Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинде эки картина жоголгондугу белгилүү болгон. Андрей Мельниковдун "Түш" жана Евсей Моисеенконун "Ольга" деп аталган картиналарын жасалмасына алмаштырып коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0