09:25 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1741)
182 0 0

Бара турган аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, балдарды жиберүүгө уруксат. Мындай учурда посттордо эч кандай тоскоолдук жаралбайт.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жайкы каникулда балдар айылга кантип барса болорун ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов брифинг учурунда айтып берди.

Андан журналисттер "көп ата-эне балдарын жайкы каникулда айылга, туугандарынын үйүнө жиберүүнү каалашат. Аймактан-аймакка кирүүдө тоскоолдуктар жаралбайбы?" деп сураган.

"Эгерде бара турган аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, карантиндик эрежеге талап коюлбаса, оору көп жайылбаса, анда ошол аймактарда жашаган туугандардын үйүнө балдарын жиберүүгө болот. Мындай учурда посттордон өтүүдө эч кандай тоскоолдук жаралбайт", — деди Каниметов.

Кыргызстан боюнча санитардык-карантиндик 65 пост калды. Анын ичинен 23ү тартип сакчылары менен биргеликте каралып, иштеп жатат.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. Андан 1043 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1741)

Тема боюнча

Ак-Талаага барган кызматкер окуучуларга вирус жуктурган. Министрлик эскертүү берди
Онлайн эмес. "Алтын тамга" тестирлөөсү июндун ортосуна белгиленди
Белгилер:
коронавирус, бала, каникул, жай, айыл, ИИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ