COVID-19: карантин шартын бузгандардан канча айып акча түшкөнү айтылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшИчки иштер министрлигинин унаасы Ош шаарында. Архив
Ички иштер министрлигинин унаасы Ош шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨА жана ӨК киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантининде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө алардын саны 28 592ни түзөт.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Март айынан бери үй карантинин бузгандыктан 98 жаран жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ӨА жана ӨК киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантининде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө саны 28 592ни түзөт.

"Алардын ичинен 98 жаран КР Бузуулар, жоруктар жана Кылмыш-жаза кодекстерине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган. 44 жаранга 129 миң сомго айып пул салынып, калган 54 учур боюнча жаза сот тартибинде каралат. Анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып пул түрүндө жаза, ошондой эле үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган", — деди Каниметов.

Мындай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн Каниметов бардык жарандарды карантин талаптарын бекем сактоого чакырды.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. Андан 1043 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

В Ленинградской области возобновили работу системообразующие предприятия - Sputnik Кыргызстан
Санитардык эрежени бузган ишканаларга миллион сомго чукул айып салынды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0