Маанилүү ишти эртеңкиге калтыруу окуучу үчүн кооптуу. Түшүндүрмө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСтудент өзүнүн жатаканасында сабагын окуп жатат. Архив
Студент өзүнүн жатаканасында сабагын окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер ата-энелерге жана мугалимдерге абал курчуп, бала чүнчүп кете электе окууга кызыгуусун күчөтүп, ар ишти өз маалында бүтүрүүгө үйрөтүү керектигин айтышат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Москва мамлекеттик психология-педагогикалык университетинин окумуштуулары маанилүү иштерди кийинкиге жылдыра берген окуучу жана студенттердин чейректин аягында, экзамен алдында, дегеле жашоодо кандай тоскоолдуктарга туш болорун айтып беришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Психологияда прокрастинация деген түшүнүк бар. Бул адамдын маанилүү иштерди кийинкиге калтыра бермей адаты. Окуучу же студенттерде мындай көрүнүштүн көп кездешүүсү окуу процессин татаалдатып, мугалим менен мамилесин бузат", — деп айтылат макалада.

Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу, толуп кетүү, стресс... Адистер карантиндин кесепеттерин айтып берди
Маалыматка караганда, бала бүгүн окучу темасын же үй тапшырмасын эртеңкиге (же бир нече күн кийинкиге) жылдырып коёт. Ошентип көп нерсе үйүлүп калат. Бул аралыкта окуучу тынч жүрө албай, аткарбаган иштеринин жыйынтыгы жаман болорун ойлоп өзүн ичинен жей берет.

"Мындан улам мектепке, ЖОЖго, мугалимдерге, алдыдагы экзамендерге терс көз караш калыптана баштайт. Алар душмандай көрүнүп калат", — дейт психологдор.

Мындан улам адистер ата-энелерге жана мугалимдерге абал курчуп, бала чүнчүп кете электе окууга кызыгуусун күчөтүп, ар ишти өз маалында бүтүрүүгө үйрөтүү керектигин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0