ОшМУнун 80 жылдык мааракеси онлайн форматта белгиленет

© Sputnik / Зульфия ТургуноваДеятельность ОшГУ
Деятельность ОшГУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 28-майда Ош мамлекеттик университети 80 жылдык мааракесин онлайн форматта өткөрөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, онлайн жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер аралыктан катышат.

Ош мамлекеттик университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОшМУ мамлекетке канча каражат төгөт? Окуу жайдын киреше булагы
Иш-чаранын жүрүшүндө Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлат.

Мааракенин алкагында "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шартындагы билим берүү менен илимдин актуалдуу маселелери" деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн конференция уюштурулат.

Учурда ОшМУда 19 факультетте 35 миң студент билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0