Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды

© AFP 2023 / KIM KYUNG-HOONЯпония премьер-министри Синдзо Абэ пресс-конференцияда Токио шаарында 25 май 2020 жылы
Япония премьер-министри Синдзо Абэ пресс-конференцияда Токио шаарында 25 май 2020 жылы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган чечим 27-майда күчүнө кирет. Тизмеге Индия, Пакистан, Бангладеш, Аргентина, Сальвадор, Гвинея, Гана, Түштүк Африка Республикасы, Афганистан жана Тажикстан да кошулган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Япония бийлиги COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстан жана дагы он мамлекеттин жарандарын өз аймагына кирүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу Kyodo News басылмасы премьер-министр Синдзо Абэнин дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында айткан сөзүнө шилтеме кылып жазды.

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия кыргызстандыктарга дарылануу үчүн келүүгө уруксат берди
Аталган чечим 27-майда күчүнө кирет. Тизмеге Индия, Пакистан, Бангладеш, Аргентина, Сальвадор, Гвинея, Гана, Түштүк Африка Республикасы, Афганистан жана Тажикстан бар. Бул өлкөлөр тыюу салынган мамлекет жана аймактардын катарына кошулгандыгын Япониянын ТИМинин расмий сайтында жарыялаган.

Өткөн жумада Япониянын Тышкы иштер министрлиги аталган мамлекеттерге баруу "кооптуу" деп чечим чыгарган. Документ ал өлкө жана аймакты көздөй жолго чыгуудан толук баш тартууну сунуштайт. Жалпы Япония өкмөтү кооптуулукту төрт даражага бөлгөн. Биринчиси жеңил болсо, төртүнчүсүндө жарандарды эвакуациялоо каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0