Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт 27-мартта 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ал документ 12-июнда күчүнө кирмек.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, 27-мартта өкмөт 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ал документ 12-июнда күчүнө кирмек.

"Биз ал датаны июнь айынын башына жылдырууга укугубуз жок. Ал токтом 1-июлдан баштап иштейт. Эсеп-фактурасы бир айга чыгат. Эгер айды экиге бөлсөк, энергетика тармагында көйгөйлөр пайда болот. Ошондуктан жаңы тариф 1-июлдан тарта киргизилет", — деди Айдарова.

Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):

  • Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);
  • Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөөрү каралган);
  • Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес).

Башка тарифтер мурдагы бойдон калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0