Москвадан кетүүгө 1500 кыргызстандык кезекте турат. Алар качан алып келинет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз бирөөлөр сунуштаган авто жана авиакаттамдардан баш тартуу керектиги эскертилет. Социалдык тармак жана мессенджер аркылуу каттамдар жөнүндө тарап жаткан маалыматтар чындыкка туура келбейт.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Москвада 1500дөй кыргызстандык мекенине учуп кетүү үчүн кезек күтүп турат. Алар ооругандар, кош бойлуулар жана кары-картаңдар экенин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Бүгүн Кыргызстанга Москвадан 372 жаран алып келинди.

"Дагы 1500 киши кезекте турат. Алар негизинен ооругандар, кош бойлуулар жана кары-картаңдар. Бардыгын чыдамдуу болууга чакырабыз. Учурда аларды чартердик каттам менен алып келүүгө аракеттер көрүлүүдө", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Дипломатиялык өкүлчүлүк элдин чыдамы кетип жатканын эске алуу менен июнь айынын башынан баштап апта сайын чертердик каттамдар аткарыларын билдирет. Алар менен биринчи кезекте сөз болуп жаткан жарандар мекенине жөнөтүлмөкчү.

Жүргүнчү учак аэропортко конуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
Ал эми аталган тизмеге кирбеген, бирок Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандарга туруктуу каттамдарды жана Казакстандын мамлекеттик чек арасынын ачылышын күтүү сунушталат.

Ошондой эле белгисиз бирөөлөр сунуштаган авто жана авиакаттамдардан баш тартуу керектиги эскертилет. Социалдык тармак жана мессенджер аркылуу каттамдар жөнүндө тарап жаткан маалыматтар чындыкка туура келбейт.

Элчиликтин алдындагы ыкчам штаб Казакстандын чек арасы бүгүнкү күндө ачыла электигин кошумчалады.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

Бала бакча окуучулары түшкү тамак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала бакчалар 1-июндан тарта иштей баштайбы? Министрликтин жообу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0