Сегиз кишинин абалы оор. Коронавирустан канча бейтап дарыланууда?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОорукананын реанимация бөлүмүндө дарыгер жана бейтап. Архив
Оорукананын реанимация бөлүмүндө дарыгер жана бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта стационарда жалпы 437 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин дыкат кароосунда турат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен сегиз кишинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта стационарда жалпы 437 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен сегизи оор абалда, төртөө жандандыруу бөлүмүндө.

"Сырттан мекендештер алып келинип жаткандыктан, обсервациядагылардын саны көбөйдү. Азыр ал жакта 2333 адам бар. Ал эми COVID-19 аныкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 6 875ти түздү", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстандагы COVID-19

Обсервация прибывших из Соль-Илецка в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Кооптонуу бар! Соль-Илецкиден Таласка баргандар дагы бир жума обсервацияда болот
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468ге жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0