Өткөн суткада өлкөдө 23 киши коронавирустан сакайды

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1015 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын 23ү вирусту өткөн суткада жеңди.

БИШКЕК, 26-май – Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында өткөн суткада 23 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Бишкек шаарында – 20, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап вирустан арылып, жакшы болуп кетти”, — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча жалпы 1015 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0