Коомдук жайларда, автоунаада бет кап тагынбагандарга чара көрүлөт

© Sputnik / Эркин СадыковПервый день работы общественного транспорта в Бишкеке после ЧП
Первый день работы общественного транспорта в Бишкеке после ЧП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер Боронов соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы кардарлардын бет кап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуу керек деген.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эл көп топтолгон жерлерде бет кап тагынбагандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Республикалык ыкчам штабдын жыйынында бир катар маселелер талкууланып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соода борборлордо жана коомдук транспортто бет кап тагынбагандарга чара көрүлөрүн айткан.

Боронов соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы кардарлардын бет кап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуу керек деген.

"Бүгүн, 25-майдан тарта, экономиканын бир катар тармактарынын ишмердүүлүгү жанданып, шаар ичиндеги коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралардын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Бет капсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда бет кап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл", — деп билдирген вице-премьер.

Бишкек: коомдук транспорттун карантинден кийин иштеген биринчи күнү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: коомдук транспорттун карантинден кийин иштеген биринчи күнү. Видео
Жыйындын жүрүшүндө саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген. Ал эми тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришкен.

Ошондой эле мамлекеттик органдарга жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилген.

Отурумдун жүрүшүндө тийиштүү органдарга илдетти жуктуруп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантиндегилерди катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле Республикалык штабдын айткандарын ыкчам аткарып, тапшырманы майнаптуу бүткөрүүсү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0