Жакшы жаңылык! Бишкекте сейил бактар ачылмай болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОткрытие парка им. Герою Советского Союза Чолпонбаю Тулебердиеву в Бишкеке
Открытие парка им. Герою Советского Союза Чолпонбаю Тулебердиеву в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу паркта сейилдөөгө тыюу салынган. Мэрия эми дагы шаар тургундарын этият болууга жана аралыкты сактоого чакырды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек шаарында сейил бактар менен бульварлар ачылат. Бул тууралуу  мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Шаардык парктар" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиевага жарандардын коопсуздугу үчүн санитардык нормалар менен эрежелердин сакталышын камсыз кылуу тапшырмасы берилгени кабарланды.

Мэрия шаар тургундарын этият болууга жана аралыкты сактоого чакырды. Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу сейил бактарда эс алууга тыюу салынган болчу.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 болуп, 992 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он алты кишинин өмүрүн алган.

Болочоктогу Ынтымак-2 деп аталган парктын курулуп жаткан амфитеатрынын эскизи - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин түштүгүндө курулуп жаткан паркта амфитеатр болот. Эскиз
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0