Чакан митинг-реквием өтүп, Мукар Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПразднование Дня Победы в регионах России
Празднование Дня Победы в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 2020-жылдын 24-майында 70 жаш курагында дүйнө салган. Экс-спикер коронавирус жуктуруп, инфекция анын бир топ ооруларын козгогон.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү бүгүн “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине маркумдун кызы Нуриля Чолпонбаева тастыктады.

“Атамды акыркы сапарга узатуу иш-чарасына парламент төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик администрациянын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев келди. Чакан митинг-реквием өттү. Атам тууралуу жакшы сөздөр айтылды”, — деди Чолпонбаева.

Ошондой эле ал иш-чарага туугандар жана Чолпонбаевдин жакын достору катышканын кошумчалады.

Ал 2020-жылдын 24-майында 70 жаш курагында дүйнө салды. Экс-спикер коронавирус жуктуруп, инфекция анын бир топ ооруларын козгогон

Жаңылыктар түрмөгү
0