23:43 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1820)
1351 0 0

Кыргызстанда май айынын башынан бери бир нече тармак баскыч менен ишке кирип жатат. Эртең тамактануучу жайлар жана коомдук транспорт ишин улантмакчы.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Эртең, 25-майдан тарта, бир катар ишканалар ишин жанданта турганын буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирген.

Эртең иштей турчу жайлар:

  • ири базарлар ("Дордой", "Орто-Сай", "Ош", "Кара-Суу");
  • тамактануу жайлары, анын ичинде элге аралыкты сактоого шарт түзүп, 50 гана орундукту камсыздаган жайкы кафелер жана ресторандар;
  • театр, музей, көргөзмө залдары жана галереялар, китепканалар жана маданий-агартуу мекемелери;
  • коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана микроавтобустар.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1403 болуп, 980 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он төрт кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1820)

Тема боюнча

Ушундай абалда калам деп ойлогон эмесмин. Карантинсиз күндөрдүн кадыры...
Белгилер:
кафе, транспорт, ишкана, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ