Нарында оору көп чыгууда, COVID бир суткада 25 кишиден табылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОорукананын бөлмөсүндө бейтаптын төшөгүнүн жанында турган медициналык кызматкер. Архив
Оорукананын бөлмөсүндө бейтаптын төшөгүнүн жанында турган медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр абал Ак-Талаа районунда курч болуп турат. Аталган аймакта медиктердин айтканына көнбөй каршылык көрсөткөн бир үй-бүлө ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча 38 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, алардын 25и Нарын облусунан катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин брифинги учурунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан беш кишиден чыкты, дагы бирөө Санкт-Петербург шаарынан келген мекендешибиз болду. Чүй облусунан үч кишиден табылды. Алар Соль-Илецкиден кайткандар. Ош облусунан эки, Жалал-Абад жана Баткен облусунан бирден оорулуу катталды.

"Эң көбү Нарын облусунан табылып, алардын саны 25ке жетти. Булар ооругандар менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлгө алынгандар", — деп айтылды маалыматта.

Азыр абал Ак-Талаада курч турат. Өткөн суткада Нарын облусунун Ак-Талаа районунда медиктердин айтканына көнбөй каршылык көрсөткөн бир үй-бүлө ооруканага жаткырылды.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1403 болуп, 980 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он төрт кишинин өмүрүн алган.

Коронавирус менен ооругандар стационарда бейтаптын төшөгүн жанында отурган медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: ооруканада жаткандардын ичинен 11 кишинин абалы оор
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0