Коронавирус: ооруканада жаткандардын ичинен 11 кишинин абалы оор

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүКоронавирус менен ооругандар стационарда бейтаптын төшөгүн жанында отурган медициналык кызматкер. Архив
Коронавирус менен ооругандар стационарда бейтаптын төшөгүн жанында отурган медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө стационарда 409 киши дарыланууда. 65 кишинин абалы орточо оор деп бааланса, калгандарыныкы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын арасынан 11 кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө стационарда 409 киши дарыланууда. Алардын арасынан 11 адамдын абалы оор”, — деди Үсөнбаев.

Мындан сырткары, 65 кишинин абалы орточо оор деп бааланууда. Калгандарыныкы канааттандырарлык.

Кыргызстандагы COVID-19

Улуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баары бир чыкты. Өлкөдө сутка ичинде эки медиктен COVID-19 аныкталды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1403 болуп, 980  бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он төрт кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0