Ак-Талаа: кош бойлуу келининен COVID жуктургандар медиктерге баш бербей кыйнашкан

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКларда Ак-Талаанын Ак-Кыя айылындагы жашоочулар коронавирусту текшерген медиктер менен эки тарап болуп урушуп, аларга каршылык көрсөткөнү боюнча маалымат тарап, видеосу жарыяланган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда медиктердин айтканына көнбөй, каршылык көрсөткөн бир үй-бүлө мүчөлөрү ооруканага жаткырылды. Алардан коронавирус табылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине райондун акими Сейтек Кулубаев билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКларда Ак-Талаанын Ак-Кыя айылындагы жашоочулар коронавирусту текшерген медиктер менен эки тарап болуп урушуп, аларга каршылык көрсөткөнү боюнча маалымат тарап, видеосу жарыяланган.

Аким Кулубаевдин айтымында, окуя 22-май күнү Ак-Талаанын Көк-Жар айыл аймагында болгон.

"Ак-Талаа районуна коронавирусту Нарын шаарындагы төрөт үйүндө жатып чыккан эки келин алып келген. Анын бири апрелдин аягына чейин төрөт үйүнө сактанууга жатып, кийин айылга барыптыр. Ал кезде андан алынган тесттин жыйынтыгы чыга элек болчу. 9-майда андан коронавирус табылып, үй-бүлө мүчөлөрүнөн тест алынган. Бул бүлөнүн туугандары абдан көп. Алгач алты кишиден вирус чыкса, кийин дагы сегизинен аныкталган. 21-май күнү кечинде мобилдик топ дал ушул сегиз адамды ооруканага алып кетүү үчүн барган. Бирок алар дарыгерлерге каршылык көрсөтүп, "эмнеге кеч келесиңер" деп нааразы болуп, макул болбой коюшкан. Эртеси мобилдик топ тартип сакчылары менен барган. Мындан улам ошол жердин жашоочулары, туугандары чогулуп эки тараптын ортосунда нааразычылык жаралган. Ошол эле күнү, 22-майда, аталган айылга өзүм бардым. Жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, коронавирус аныкталган үй-бүлө мүчөлөрү ооруканага жаткырылды", — деди Кулумбаев.

Аким райондо жана Көк-Жар айыл аймагында абал туруктуу экенин айтып, вирус чыккан үй жана айыл дезинфекцияланганын кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ак-Талаа районунда жалпы 18 адамдан коронавирус табылган. Анын баарына вирус Нарын шаарындагы төрөт үйүнөн барган эки келинден жукканы айтылды.

Коронавирустун кесепети

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Ат-Башыда коронавирус жуктурган бейтаптардын баары айыкты
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0