Аймактарга каттаган коомдук транспорт азырынча жүрбөйт. Штабдын билдирүүсү

© Sputnik / Эмиль СадыровМаршруттук унаалар. Архив
Маршруттук унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам штабдын отурумунда медициналык мекемелерди жана калкты күз айларына боолголонуп жаткан COVID-19 инфекциясынын экинчи толкунуна каршы даярдоо керектиги белгиленди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандагы коомдук транспорттор азырынча аймактарга каттабайт. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, бет каптар, дезинфекциялоочу каражаттар жана жүргүнчүлөрдүн санына чектөө милдеттүү талаптарга кирет.

"25-майдан баштап коомдук транспорт жүрө баштайт. Мындай чечим жарандар жумушуна жетип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу үчүн кабыл алынды. Ошентсе да жергиликтүү бийлик, транспорттук компаниялар жана жарандар вирус жугуп калуу коркунучу жогорулашы мүмкүндүгүн билүүсү керек. Ошол себептен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан айтылган санитардык эрежелер толук сакталышы шарт. Ал эми аймактар аралык коомдук транспорттор азырынча жүрбөйт", — деди Боронов.

Штабдык жыйында боолголонуп жаткан күздө болчу коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу максатында медициналык мекемелерди, медицина адистеринин потенциалын жогорулатуу, мобилдик лабораторияларды даярдап, атамекендик тест-системаларды жана жеке коргоочу каражаттарды өндүрүүгө шарт түзүү керектиги айтылды. Мындан тышкары калкты аталган мезгил аралыгында санитардык эрежелерди жана аралыкты сактоого даярдоо зарылчылдыгы белгиленди.

Коронавирустун кесепети

Блок постто турган медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР бийлиги күзгө боолголонгон коронавирустун экинчи толкунуна даярдана баштады
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0