Жаш балдар менен бүлөлүү эркектердин "сунушу" чарчатты. Ырчы кыздын каты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСахнадагы кыз. Архив
Сахнадагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жалгыздыктан тажап, жашоосун өзгөрткүсү келген кыздын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Башкалардай эле мен дагы бир маселе менен психологго кайрылайын деп жүрдүм эле. Туура көрсөңүздөр психологдон кеңеш алып бериңиздерчи.

Азыр 34 жаштамын. Атайын билим алып аяктап, учурда ырдап жүрөм. 5-курстан ала качып кетишип, кызыл камчы жигитке туш болдум. Белимди бекем бууп, алты ай жашагандан кийин баса бергем.

Терезенин жанында кыз отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жеңем апамды киши ордуна көрбөйт. Чырдан тажаган кыздын каты
"Мындан кийин турмушка чыкпайм" деген ой менен жалаң окуу, чыгармачылык менен жүрдүм. Эркектин баарын жаман көрдүм.

Учурда Кудайга шүгүр, баары жакшы. Ажырашып кеткениме өкүнбөйм. Өмүр бою башыман таяк кетмек эмес.

Ага-тууган, ата-энем турмуш куруп алсаң боло дешет. Аларга көкүрөктөгү оюмду жеткире албайм. Менин деле турмуш куруп, үй-бүлө күтүү тилегим бар. Бирок мен ага, ал мага төп келген түгөйүмдү такыр жолуктура албай койдум. Тойлорго барып, аймактарды кыдырып, гастролдорго көп чыгам. Жигиттер ырчы экенимди биле электе жакшы мамиле жасашат. "Бул ушинтип эле тентип жүрсө аял болуп жыргатмак беле?" дешеби, билбейм. Ырдаарымды, тойлордо жүргөнүмдү укканда эле акырындап жоголот же көңүл ачуу ниетин билдирет. Башында мындай мамиле ызалантчу. Азыр "стресске туруктуу" болуп, ар кандай сөздөрдү кулактын сыртынан кетирүүгө өзүмдү тарбияладым.

Колумду сурагандар деле болду. Алардын койгон шарты мага туура келген жок. Ырдаганыма таптакыр каршы экен. Ушуга чейин алган билимимди, эмгегимди талаага таштап эле басып кете албайм. Анткени убагында мага колдоо көрсөткөн бир да адам болгон эмес. Жедеп көкүрөктөгү чыгармачылык шыгымды жерде калтырбоо үчүн белгилүү музыканттардан сабак алып, өзүмдү өстүрүп жатам. "Колуңду сураганда эле кете бербейт белең, ириде кесип эмес, үй-бүлө да" дегендер көп. Аларды угуп "элден башкача ойлонот окшойм" деп да калдым. Бирок мени жактырган адам кесибимди да кабыл алышы керек да.

Акыркы кезде жаш балдар же үй-бүлөлүү кишилер тийишип калат. Баарынын ою жеңил-желпи, көңүл ачуу.

Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан
Өзүмдөн улуу келин менен жашаарымды ата-энем билбейт. Жигиттин каты
Эмнеге элде ушундай принцип калыптанып калган? Же менталитетпи? Болбосо эркектердин психологиясы ушундайбы? Мүмкүн жашым өтүп кеттиби? Же үй-бүлө курууну таптакыр эле ойдон чыгарып койсомбу? Балким, турмушка чыкпай эле өзүм үчүн төрөп алсамчы? Ушундай ойлор келчү болду. Өзгөчө карантинде үйдө отуруп калганда көп ойлондум.

Апам эч болбосо өзүңө төрөп ал деп калды. Мен ага да каршы болчумун, бирок карантинде ойлонуп, анализдеп чыктым. Турмушка чыкпаганым азырынча мен үчүн анчалык деле трагедиядай сезилбейт, бирок айрымдар "үй-бүлө курбасаң, кийин куурайсың" дей берип, эми алдыда бир тозок күтүп жаткандай эле кабатырлана берчү болдум.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Негизи карантин маалында адам үчүн баарына ой-жүгүртүп, өзү, турмушу тууралуу анализ жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ар бир адамдын жүрөгүнө жакын кесиби болот. "Чыгармачылыкка бир топ эмгек жумшадым. Турмуш курсам эле ушунун баары калып калат" деп ойлоодон алыс болуу керек. Эгер колуңузду сурагандар ырчылыгыңызга каршы болсо, анда өзүңүз ойлонуп, алдыга туура максаттарды коюп, ошого жараша кадам жасаңыз. "Бардык адамдар эле ырчылыгыма терс карашат" деп кабыл ала берсеңиз, бирөөлөрдүн оюн окуган болуп каласыз. Жок, сиз ага көңүл бурбашыңыз керек. Эгер олуттуу мамилеңиздер үй-бүлө курууга жетсе, анда ачык сүйлөшүп, кесибиңиз тууралуу кенен түшүндүрүп, кесип менен үй-бүлөнү бирге алып кете ала турганыңызды туюндуруңуз. Чыгармачылыгын таштабай, бактылуу турмуш куруп кеткен ырчылар көп. Турмушка чыгып наристелүү болгондо, баланын өзүнүн гармониясы бар экенин сезесиз.

Көчөдө бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кайнатамдын кемсинтип басынтканы тажатты... Күйөө баланын каты
Апаңыз да сизге жамандык каалабайт. Чечим өзүңүздө, бирок толук кандуу үй-бүлө болуу үчүн өзүңүздүн гана шартыңызды айта бербеңиз. Эки адам мамиле түзгөндө ал тараптан гана кадам күтө бербей, жакшы мамиле жасап, сый көрсөтө билген туура болот. Мамиле күзгү болуп чагылышат.

Эркектердин психологиясына суроо салыпсыз. Эркек киши жакшынакай аялзатын көрсө тийишкиси келиши мүмкүн. Бирок муну эркектердин баары ушундай же менталитет деп кабыл алууга болбойт. Эркек менен аялдын психологиясы бирдей эле, болгону ой-жүгүртүүлөрү жана темпераменти ар башка болот.

34 жаш дасыккан эле курак. Чын эле жашыңыз өтүп баратат. Баарын ойлонуп, бир чечимге келиңиз. Адамда өзүмчүлдүк көбөйүп кеткенде эч кимди укпай калат. "Мен эле кыйын турбаймынбы" деп өзүнө өтө ишенип, башка адам менен эсептешпейт. Бул да турмуш курууга тоскоолдук жаратат. Өз оюн тыңдабай, башка бирөөнү уга бергенге да болбойт. Анда инсандын өзүн-өзү баалоосу төмөндөп кетет. Мамиледе баланс сакталып турушу керек. Дагы башка маселелериңиз болсо, жеке психологго кайрылыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0