Мэр: Бишкекке COVID менен күрөшүүдөгү эң кооптуу этап келип калды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр соода борборлору, транспорттук уюм, спорт зал жана базарлардын жетекчилерине кайрылып, кокус алар оорунун очогу болуп кала турган болсо, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 25-майдан тарта борбор калаада экономикалык ишмердүүлүк жанданат. Мындан улам бул убакта борбор калаага коронавирус менен күрөшүүнүн эң кооптуу жана жоопкерчиликтүү мезгили келет. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

"Азыр бийлик, шаардыктар, ишкерлер коронавируска жоопкерчиликтүү мамиле кыла турчу мезгил келди. Калаада коронавирус жуктуруп алгандардын саны арбын. Алсак, вирус аныкталган жалпы 348 учур катталган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 224 киши айыгып, 124 бейтап стационарда дарыланууда. 348 киши 727 адам менен байланышта болгон. COVID-19 аныкталган 348 бейтаптын ичинен 90у медицина кызматкерлери, 43ү ИИМ өкүлдөрү", — деди Суракматов.

Мэр соода борборлору, транспорттук уюм, спорт зал жана базарлардын жетекчилерине кайрылып, кокус алар оорунун очогу болуп кала турган болсо, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Дезинфекция жүргүзүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан качан арылабыз? Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0