Ушундай эле болсун! Бүгүн бир да медиктен коронавирус аныкталган жок

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкерелри. Архив
Медицина кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Учурда стационарда 394 киши дарыланууда.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда бир дагы медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Адатта күн сайын жок дегенде 3-4 медиктен коронавирус чыгып жаткан.

Кыргызстан боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 273 учур катталган. Анын ичинен 226 ак халатчан айыгып, айрымдары жумушуна чыкты.

Коронавирустун кесепети

Дезинфекция жүргүзүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан качан арылабыз? Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болсо, анын 957си айыкты. Ал эми учурда стационарда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0