Бүгүн Кыргызстанда 15 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКоронавируска тест жасоо үчүн алынган үлгү. Архив
Коронавируска тест жасоо үчүн алынган үлгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандар көп болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, буга элдин эрежелерди сактабай жатышы себеп.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 15 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бишкекте уч, Чуйдө бир, Ошто бир, Жалал-Абадда бир, Санкт-Петербургдан келгендердин арасынан тогуз кишинин анализи коронавирус бар экенин көрсөттү", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 1365 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0