Юридикалык акысыз кеңешти кайдан алса болот? Штаб жол-жобосун айтты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЫкчам штабдын чалуу борборунун кызматкери. Архив
Ыкчам штабдын чалуу борборунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юридикалык кеп-кеӊештерди акысыз түрдө кыргыз, орус жана англис тилдеринде "Жаӊы чечимдер" коомдук бирикмесинин тажрыйбалуу юристтери берет.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандыктар жана чет элдик жарандар 112 ыкчам байланыш номерине чалып акысыз юридикалык кеңештерди ала алышат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Аталган долбоор кыргызстандыктарды жана чет элдик жарандарды өз убагында ыкчам жана сапаттуу укуктук колдоо менен камсыздоо максатында ишке ашырылууда.

"Юридикалык кеп-кеӊештерди акысыз түрдө кыргыз, орус жана англис тилдеринде "Жаӊы чечимдер" коомдук бирикмесинин тажрыйбалуу юристтери берет", — деп жазылган маалыматта.

Консультацияны акысыз берүү кызматы жумасына алты күн (жекшембиден тышкары) 08.00дөн 20.00гө чейин иштээри айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0