Айтка карата мал кымбаттадыбы? Бишкек жана аймактарда кой-козунун баасы

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүМал базарында Орозо айт майрамына даярдануу. Архив
Мал базарында Орозо айт майрамына даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-май Орозо айтка карата Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек жана аймактардагы малдын, тагыраагы, сойгонго ылайыктуу кой-козунун наркын билди. Ошондой эле эттин наркына да кызыкты.

Айт майрамына карата малдын бардык түрүнүн баасын билүүгө аракет кылганбыз, бирок карантинден улам мал базарлардын баары жабылган. 21-майдан тарта алардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилгени менен саналуусу гана ачылып, көпчүлүгү жабык экен.

Кыргызстанда кой-козунун баасы

Бишкек шаарындагы "Нарбото" мал базарында көп жылдан бери кой-козу байлап саткан Бакытбек Аралбековдун айтымында, азыркы учурда кой-козунун баасы айтка карата 500-1000 сомго чейин кымбаттаган.

"Козу 5,5 миң сомдон жогору турат. Сойгонго ылайыктуу орточо токту 6 500 сомдун айланасында. Семизи, чоңуна карап кымбаттап кете берет. Эң кымбат чоң койлор 12 миң сомго чейин сатылууда. Негизи айт майрамынын алдында бир аз кымбаттачу, бирок карантин дагы кошул-ташыл болуп жазда малдын баасы түшкөн жок", — деди Аралбеков.

Аймактардагы жашоочулардын айтымында да малдын наркы өскөн. Алсак, Таласта семиз койлор 10 миң сомдон кем сатылбай жатса, токту-борук 7000 сомдон бааланып жатыптыр. Түштүк аймактарда мал Жалал-Абадда кымбатыраак. Токтулар 7000 сомдун тегерегинде сатылып, койлор 10 миң сомго чейин бааланып жатат. Ага салыштырмалуу Ошто сойгонго ылайыктуу токту-боруктар 5500 сомдон сатылып жатканы айтылды. Облустардан мал адаттагыдай Нарында арзаныраак. 6000 сомго токту, 8000 сомго чоң кой тапса болот. Ысык-Көл менен Таласта токту-борук 6000 сомдон 7500 сомго чейин бааланып жатканы айтылды.

Карантин учурунда малды кайдан алса болот?

Бишкек шаарында азыркы тапта "Ак-Бата" жаңы конушундагы "Нарбото" мал базары иштеп жатканын ал жактагы сатуучулар айтышты. Мындан сырткары "Эски толчок" районундагы мал базарда да жумуш жанданган. Шаардыктар малды ушул базарлардан ала алышат.

Акция помощи для малообеспеченных семей в Ат-Баши - Sputnik Кыргызстан
Муктаждарга төрт түлүк. Ат-Башыда акциянын арты менен 11 бүлө малдуу болду
Ош шаарында мал базар жок болгондуктан, шаардыктар мал алуу үчүн калаага жакын жайгашкан Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак, Учкун айылдарындагы мал базарларга барышат.

Чүйдө дем алыш күндөрү "Токмок" ири мал базары иштээри айтылды. Ал эми Нарындагы эң чоң деп эсептелген "Ат-Башы" мал базарын жергиликтүү бийлик коронавирустан улам азырынча ачпай турууну чечкен. Мындан улам жашоочулар малды бири-биринен эле сатып алып жатыптыр.

Бишкекте карантинде үйдө жатып, "союлган даяр кой алам" дегендер үчүн да кызматтар иштейт. Кой-козу байлап сатып иштеген Бакытбек Аралбеков мындай кызмат канча турарын айтып берди.

"Бир койду союп, ичеги-карынын тазалап жеткирип бергени 350-400 сом. Куйкалатып сойдурган 700 сом, куйкалатып сойдуруп, бышырып, жеткирип берсе 1000 сом болот. Анда этти толугу менен бышырып, шорпосун куюп толук белендеп берет. Бул койдун баасынан сырткаркы нарк", — деди Аралбеков.

Эттин баасы

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уй этинин бир килограммынын орточо баасы 361 сом, Бишкекте 367 сомдон сатылып жатат. Койдун этинин бир килограммын өлкө ичинде 348 сом, Бишкекте 346 сомдон алса болот. Ал эми жылкынын эти өлкө аймагында 328 сом, Бишкекте 324 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0