Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетсе, ал эми калган аймактарда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетери күтүлөт.

БИШКЕК, 22-май. — Sputnik. 23-май, ишемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Чүй, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27…+32, Таласта +25…+30, Ош менен Жалал-Абад облустарында +28…+33, Баткенде +29…+34, Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +29…+31 жана Ош калаасында күндүн табы +30…+32 градуска дейре көтөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0