Чет жакта жүргөн 154 кыргызстандыктан COVID аныкталган. Өлкөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДокумент толтуруп жаткан медицина кыматкерлери
Документ толтуруп жаткан медицина кыматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус жуктуруп алгандардын көбү Россияда экени белгилүү болду. Андан кийин Пакистан жана БАЭдеги мигранттардын арасында ооруга чалдыккандар көп.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынан COVID-19 илдетин жуктурган 154 учур катталган. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Сыртта жүрүп вирус жуктуруп, айыгып чыккан мекендештердин тизмеси төмөнкүдөй:

  • Россия — 105;
  • БАЭ — 7 (алардын ичинен бешөө айыгып чыккан);
  • Пакистан — 22 (бардыгы ооруканадан чыккан);
  • Индия — 7 (бирөө каза таап, алтоо айыккан);
  • Испания — 1 (стационардан чыккан);
  • Малайзия — 3  (чыгарылган);
  • АКШ — 1 (чыгарылган);
  • Өзбекстан — 1;
  • Греция — 1 (чыгарылган);
  • Казакстан — 5 (төртөө Бишкекте, бирөө Алматыда дарыланууда)
  • Италия — 1.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

Национальный центр онкологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Рак менен ооруган балдарга коронавирус кантип жуккан? Министрликтин жообу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0