"Унаа" ишканасы менен 20 калкты тейлөө борбору ишин жандантты

© Фото / сайт ГРС КРРабота центров обслуживания населения в Бишкеке
Работа центров обслуживания населения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-майдан тарта аймактардагы калкты тейлөө борборлорунан тышкары, "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү иштеп баштаганы айтылды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кечээтен тарта Кыргызстан боюнча 20 калкты тейлөө борбору иштеп баштаганын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарында, Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда, Оштун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Нарындын Ат-Башысында калкты тейлөө борборлору жабык турган. Кечээтен тарта ишмердүүлүгү жанданды.

Учурда Кыргызстан боюнча калкты тейлөөчү 20 борбор жана "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү эл кабыл ала баштады.

"Кечээ эң көп кайрылуу Бишкек шаарында болду. Тогуз миңдей жаран кайрылды. Эртең менен кезек көп болду. Түшкө жуук мэрия кызматкерлери менен милиция алардын санын азайтканга жардам берди. Кайрылгандардын 75 пайызы чет элдиктер экендигин белгилеп кетели. Алар 10 күндүн ичинде документтерин бүтүрүшү керек болчу. Бирок алардын убактысы дагы узартылды, ошондуктан шашпаңыздар деп айтат элем", — деди Мамбеталиев.

Эске салсак, кечээ, 21-майда, Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда адамдардын узун кезеги пайда болуп, жүздөгөн жаран аралыкты сактабай, эшиктен тыгылып киришкен. Көп өтпөй Мамлекеттик каттоо кызматы убактысы өтүп кеткен паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылганын айткан

Коронавирустун кесепети

Тыгылып кирип... Бишкектеги калкты тейлөө борборунан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Тыгылып кирип... Бишкектеги калкты тейлөө борборунан тартылган видео
Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0