Рак менен ооруган балдарга коронавирус кантип жуккан? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный центр онкологии в Бишкеке
Национальный центр онкологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үсөнбаев азыркы тапта балдар онкологиясынын биринчи кабатында коронавирус жуктурган бейтап балдар комплекстүү дарыланып жатканын айтты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндөгү бейтап, медиктерге коронавирус кантип жукканын түшүндүрүп берди.

Эске салсак, 20-май күнү кечинде ПЦР-тесттин жыйынтыгы балдар онкологиясы бөлүмүндөгү 14 кишиде коронавирус бар экенин көрсөткөн. Анын ичинен сегизи бейтап бала, үчөө аларды караган ата-энелери, үчөө медицина кызматкери болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, ушул эле бөлүмдө иштеген дагы эки медиктен коронавирус табылган.

Үсөнбаевдин айтымында, коронавирус бул бөлүмгө ал жакта небереси менен дарыланып чыгып кеткен аялдан жуккан.

"11-майда Панфилов районундагы бир аялда коронавирустун белгилери байкалып, жергиликтүү ооруканага кайрылат. Дарыгерлер анализ алганда, анда коронавирус бар экени аныкталган. Мындан улам ал барган жерлер, байланышта болгон кишилер тактала баштайт. Жыйынтыгында апрелдин аягы, майдын башына чейин анын Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө небереси менен дарыланып чыгып кеткени аныкталган. Балдар онкологиясындагы бардык медик, бейтап жана аларды караган ата-энелери коронавируска анализ тапшырышкан. Натыйжада 14 кишиде, кийин дагы эки медикте вирус бар экени такталды", — деди Үсөнбаев.

Ал азыркы тапта балдар онкологиясынын биринчи кабатында коронавирус жуктурган бейтап балдар комплекстүү дарыланып жатканын айтты. Ал эми экинчи кабатында анализи таза чыккан рак менен ооруган бөбөктөр дарыланууда. Дарыгерлер казармалык режимде иштеп жатканы маалым болду.

Коронавирус кесепети

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күч түзүмдөрүндө канча адам коронавирус жуктуруп, айыгып чыкканы айтылды
Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0