Күч түзүмдөрүндө канча адам коронавирус жуктуруп, айыгып чыкканы айтылды

© Фото / пресс-служба УВД города ОшИИМ кызматкерлери. Архив
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик элдин коопсуздугун камсыздап тартипке салууда канча адам ооруга тушуккандыгы тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдарынын арасында жалпысынан 82 киши коронавирус жуктуруп, анын 33ү айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, учурда алардын арасынан 49 адам стационарларда тийиштүү дарылануудан өтүп жатат.

Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга сырттан канча киши вирус алып келди. Министрликтин жообу
Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0