Бишкекте велосипедчен жүрчү жолдор пайда болду. Карта

© пресс-служба мэрии города БишкекАбдрахманов көчөсүңдөгү веложолдун курулуш иштери
Абдрахманов көчөсүңдөгү веложолдун курулуш иштери  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Велосипед жолдорунун жалпы узундугу быйыл 22 чакырымды түзөт. Алардын бир катары салынып бүтүп калды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкек мэриясынан калаанын кайсы жерлеринде быйыл велосипед жолдору пайда болгондугун айтып беришти.

Маалыматтарга караганда, өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал учурунда да бул багыттагы иштер токтогон эмес. Анын жалпы узундугу 22 чакырым болмокчу.

Учурда төмөнкү аймактарда даяр болуп калды:

Чүй (түштүк тарабы) проспектисинде Манас проспектисинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин — 1,8 чакырым;

7-апрель көчөсүндө (батыш тарабы) Чүй проспектисинен тарта Кийизбаев көчөсүнө чейин — 0,8 чакырым;

Көкчө-Тоо көчөсүндө Махатма Гандиден Көк-Сай көчөсүнө чейин — 0,7 чакырым;

Түлөбердиев көчөсүндө Көкчө-Тоо көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейин — 0,6 чакырым;

Төмөнкү жерлерде иштер улантылууда:

  • Чыңгыз Айтматов проспектисинде Ахунбаев көчөсүнөн Чүй (чыгыш тарабы) проспектисине чейин — 3,7 чакырым;
  • Абдрахманов көчөсүндө (Байтик баатыр) Чүй проспектисинен Ахунбаев (батыш тарабы) көчөсүнө чейин — 3,7 чакырым;
  • Дэн Сяопин проспектисинде (түштүк тарабы) Фучиктен Алыкулов көчөсүнө чейин — 4,9 чакырым;
  • Тыналиев (чыгыш тарабы) көчөсүндө Масалиевден Ахунбаев көчөсүнө чейин — 1,5 чакырым;
  • Ахунбаев көчөсүндө Тыналиевден Бакаев көчөсүнө чейин — 0,7 чакырым.

Мындан сырткары, велосипед жолдору Рысмендиев көчөсүн бойлой шаардын түштүк тарабына (Түштүк магистраль жана Семетей көч.) 3,8 чакырымга созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0