Тыгылып кирип... Бишкектеги калкты тейлөө борборунан тартылган видео

Жазылуу
Калкты тейлөө борборлору 21-майдан тарта иштей баштады. Алардын биринде адамдардын узун кезеги пайда болуп, жүздөгөн жаран аралыкты сактамак турсун, эшиктен тыгылып киришкен.

Таң атпай Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун алдында адамдардын аягы көрүнбөгөн кезеги пайда болду. Айрымдары кезегин эки-үч сааттап күтсө, кээ бири андан да көп туруп калышкан.

Түшкү саат 12де гана Мамлекеттик каттоо кызматы убактысы өтүп кеткен паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылганын айтты. Ошондой эле борборго убагында кайрылбагандарга айып салынбай турганын кошумчалады.

"Документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берген өкмөттүн токтому чыкты. Бул эл тыгылышып кезекке турбай, каалаган күнү, каалаган убакытта документинин мөөнөтүн узартып кете алат дегенди түшүндүрөт", — деди мекеменин маалымат кызматы.

Кезек күткөн жарандар бул маалыматты эмне себептен эрте жарыялабаганын айтып нааразы болушкан.

Мөөнөтү узартылган документтер, убактысы:

Общественный транспорт в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Аралык сакталсын! Милиция коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту
2004-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат;

Кыргызстандын аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимдери алынган күндөн тарта 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0