10:02 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)
71 0 0

Акцияга катышуу үчүн үч миллион адам арыз берген. Модераторлор азыр деле анкеталарды кабыл алып, телефондон түшкөн суроолорго жооп берип жатат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. "Онлайн өлбөс полк" трансляциясын 20 миллиондон ашуун адам көргөндүгүн уюштуруучулар билдиришти.

Жүрүш www.polkrf.ru, www.polk.press сайттарында, "ВКонтакте", "Одноклассники" социалдык тармактарда жана "Okko" онлайн-кинотеатрында болууда. Трансляция акыркы арыз берген учурга чейин улана берет.

Жалпы жонунан үч миллионго жакын арыз келип түшкөн. Тарыхчы-модераторлор анкеталарды азыркыга чейин карап бүтө элек.

Алардын бир катарлары кайрадан ээлерине жөнөтүлүүдө, себеби аны жөнөткөн кишилер өздөрү чыгара алат. Модераторго анкетага киришкенге болбойт. Түзөп, каталарын же жазылгандарды, атын, фамилиясын оңдоп, сүрөттөрдү тигинен киргизе албайт. Себеби ал башынан туура эмес киргизилип калган. Башкысы редактурадан кийин өздөрү оңдогондор туура чыгышы керек. Ал үчүн "Опубликовать" деген жерди басыш керек. Ал эми кандайдыр бир суроолор жаралса, 8-800-20-1945-0 номерине чалса болот. Ал күнү-түнү иштейт.

"Онлайн өлбөс полктун" катышуучулары онлайн-жүрүштө алардын каармандарын качан (Москва сааты боюнча) көрө тургандыгы боюнча билдирме алат. Бул маалыматты уюштуруучулар электрондук дарекке салып жиберет. Себеби катталып жатканда же социалдык тармактагы билдирүүсүндө катышуучу кошо жазат.

Эгерде айтылган саатта трансляцияга катышууга мүмкүнчүлүк болбой калса, www.polkrf.ru сайтынан керектүү күнгө, саатка кайрылып барып, Кызыл аянттан өзүнүн каарманын көрүүгө болот.

Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)

Тема боюнча

"Өлбөс полк" онлайн жүрүшүнө дүйнөнүн чар тарабынан кошулуп жатышат
Үч миллиондой билдирүү! "Өлбөс полк — онлайн" жүрүшүнө кабыл алуу аяктады
Белгилер:
катышуучу, акция, Улуу Жеңиш, Улуу Ата Мекендик согуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ