ЖК өкмөткө сырттан келип чуу салгандарга катаал болууну сунуштады

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАэропортто жүргүнчүлөрдү тозуп жаткан медицина кызматкерлери. Архив
Аэропортто жүргүнчүлөрдү тозуп жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 432 адамдын 19у гана обсервацияда калып, калганы үй карантинине жиберилди.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өкмөткө чет өлкөлөрдөн алып келинип, шартка көнбөй чуу салып жаткан жарандарга катуу эле мамиле кылууну сунуштады.

Эске салсак, учурда Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

"Өткөндөгүдөй ызы-чуу болуп койсо эле бошотуп ийбешибиз керек аларды. Шарт бардыгына бирдей, карантиндик чектөөлөрдү карманышы керек. Жалпы өлкө эки ай үйдөн чыкпай жатса, эми буларды минтип чыгарып койгонубуз болбойт. Мына Талас облусунун жетекчилиги барган 20 кишини обсервацияга алып койду", — деди Маматалиев.

Мындан тышкары ал айрым обсервация жайларынын шартын чындап эле жакшыртуу керектигин кошумчалады.

Эл аралык аэропортунда жүргүнчү коопсуз бет капчан отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID жуктурган мигранттар аймактарга кеттиби? Алардын кайда экени айтылды
Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Соль-Илецкиден келген бардык жарандар көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 18-майда Соль-Илецкиден алып келинип, "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 432 адамдын 19у гана обсервацияда калып, калганы үй карантинине жиберилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0