11:20 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1488)
174 0 0

Калаада коомдук транспорттун бардык түрү 25-майдан тарта иштей баштайт. Мындан улам айдоочуларга профилактикалык иштери жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 25-майдан тартып каттамга чыкчу коомдук транспорт фирмаларынын жетекчилери жана айдоочулар менен жолукту. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, калаада коомдук транспорттун бардык түрү 25-майдан тарта иштей баштайт.

  • Сотрудники патрульной милиции во время встречи с руководителями транспортных фирм в Бишкеке
    Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 25-майдан тартып каттамга чыкчу коомдук транспорт фирмаларынын жетекчилери жана айдоочулар менен жолукту.
    © Фото / Пресс-служба УПСМ

1 / 2

Жолугушууда техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү жана профилактикалык иштерин жүргүзгөн.

"COVID-19 вирусунун таралышына жол бербөө максатында жүргүнчү ташыган айдоочуларга өздүк гигиена, санитардык эрежелерди так сактап, бет кап жана кол кап кийүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле жүргүнчүлөр менен ортодогу аралыкты сактоо айтылды. Айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техникалык күбөлүгү, Салык кызматынан алынган патент болбосо айыпка жыгылары да эскертилди", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус 1313 кишиден табылса, анын 929у айыгып, 14ү каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1488)

Тема боюнча

"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
Белгилер:
айдоочу, коомдук транспорт, карантин, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ