Облус борборлорунда Милициянын кайгуул-күзөт кызматы иштей баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактык ички иштер органдарынын түзүмдөрүндө "Милициянын кайгуул кызматы" деп аталган жаңы бөлүмчөлөр баскыч-баскычы менен түзүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ош шаарында, облус борборлорунда Милициянын кайгуул-күзөт кызматы түзүлө баштады. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү чечимге кол койду.

"Документ ички иштер органдарында Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмчөлөрүн түзүү, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорду уланта турган Кыргызстандын административдик бирдиктеринин тизмесин кеңейтүү максатында кабыл алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт буга чейин Бишкекте сынамык долбоор катары иштеп жаткан Милициянын кайгуул-күзөт кызматы жакшы натыйжа бергендигин белгилеген.

Патрулдук милициянын кызматкери Бишкектеги көзөмөл өткөрүү пунктунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп
Башында Бишкек шаарында Кайгуул милициясын түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылдары ишке ашыруу пландалып, андан кийин реформа бүт өлкөнү камтый турганы айтылган. Пилоттук негизде иштей турган Милициянын кайгуул кызматын каржылоого 197,2 миллион сом каралганы да айтылган.

Андан соң Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кайгуул кызматынын башкармалыгында иштейм дегендерге сынак жарыялаган.

Түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмчөлөрүндө бир катар өзгөрүүлөр, анын ичинде Кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмчөлөрүнүн экипаж курамында кызмат өтөө тартибинде өзгөртүүлөр каралууда. Эми алардын 1-июлдан тарта коомдук тартипти, ошондой эле жол кыймылы коопсуздугун камсыздаары айтылган.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, ЖКККББ жана аймактык ички иштер органдарынын Кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмчөлөрүнүн учурдагы бардык ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги түзүлүп жаткан Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмчөлөрүнө өткөрүп берилет", — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББнын жөнүндө жобого да айдоочулардын мас экенин аныктоо максатында медициналык күбөлөндүрүү үчүн жөнөтүүгө, ошондой эле рулдагы кишинин ичип алганын атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жаатында өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0