Мэрия: Бишкекте салынып жаткан жаңы полигон күзүндө ишке берилет

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин четинде полигондун курулушу башталды. Архив
Бишкектин четинде полигондун курулушу башталды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэрдин айтымында, таштандыны бөлүштүрүү жана таңгактоо заводу дагы 2020-жылдын декабрь айында иштеп башташы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте салынып жаткан жаңы таштанды полигону күзүндө бүтүп, ишке берилет. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Мирлан Амантуров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, таштандыларды бөлүштүрүү жана таңгактоо заводу дагы 2020-жылдын декабрь айында иштеп башташы күтүлүүдө.

"Азыркы таштанды полигондун ордуна кайра иштетүү заводун куруу үчүн грант түрүндө акча издеп жатабыз. Эгер ал маселе чечилип калса, ишти 2021-жылы улантабыз. Полигондон чыккан түтүндү быйыл июнь-июль айында өчүрүүгө аракет кылып жатабыз. Ал үчүн Россиянын Новосибирск шаарынан эксперттер келген. Алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", —деди Амантуров.

Вице-мэр борбор калааны жашылдандыруу иштери уланып жатканын, быйыл сегиз парк салуу планы бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0