Кыргызстанда коронавирустан 19 бейтап айыкты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДарыгер бейтапты борбордук клиникалык ооруканада карап жатат. Архив
Дарыгер бейтапты борбордук клиникалык ооруканада карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы суткада айыккандардын сегизи Бишкектен, бешөө Оштон, төртөө Жалал-Абад облусунан, экөө Баткенден.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бир суткада өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 19 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан боюнча жалпы сакайгандардын саны 929 болду.

"Акыркы суткада айыккандардын сегизи Бишкектен, бешөө Оштон, төртөө Жалал-Абад облусунан, экөө Баткенден", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус 1313 кишиден табылса, анын 929у айыгып, 14ү каза болду.

Коронавируска алынган материал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн өлкө аймагында 43 кишиден коронавирус чыкты. Акыркы маалымат
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0