Депутаттар жаңы кодекс менен кызматтык батир маселесин чечмекчи

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДом под заселение по программе реновации в Москве
Дом под заселение по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кодекстин кыргызстандыктарга мурда алган батирлерин менчиктештиргенге мүмкүнчүлүк бере турганы айтылды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Турак жай кодексине түзөтүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анда жарандардын өзгөчө эмгеги үчүн алынган кызматтык турак жайды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүү каралган.

Парламенттин сайтында мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланганы жазылып турат.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен канча сомго үйлүү боло аласыз? Шарты, төлөө мөөнөтү жана дареги
Учурда кодекс кызматтык үйдү "өзгөчө гана учурларда" менчиктештирүүнү карап жатат. Анда тикелей сатуу менен кээ бир гана адамдарга менчикке берүү мүмкүнчүлүгү белгиленген. Бул адамдар, маселен, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, майыптары, алардын үй-бүлөсү, I жана II топтогу майып балдарды тарбиялап жаткандар болушу мүмкүн. Бардыгы болуп 8 категория каралган.

Буга чейин да аталган маселе боюнча депутат Дастан Бекешев спортчуларга, маданият кызматкерлерине белекке берилген турак жайлар кызматтык батир катары эсептелерин, бул натуура болуп каларын айткан эле.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0