Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусундагы айылдардын биринде жамгыр жатат. Архив
Нарын облусундагы айылдардын биринде жамгыр жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. 21-май, бейшемби күнү, Чүй менен Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Снежные и лавинные ограждения в горах Австрии - Sputnik Кыргызстан
Сел, кар көчкү жүрүү коркунучу бар! Шашылыш билдирүү
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +20…+25, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +15…+20 жана Нарында +17…+22 градус жылуу болот.

Бишкек шаарын ала булут каптайт, жаан-чачын жаашы ыктымал, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы баш калаада +25…+27 градуска чейин жогоруласа, Ошто күндүн табы +28…+30 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0