Кара-Кулжа: бир айыл толук карантинге алынып, 60 киши обсервацияга жатты

© Sputnik / Анастасия МакарычеваКарантин ввели в семи населенных пунктах Нижегородской области
Карантин ввели в семи населенных пунктах Нижегородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус Россияда каза болгон тууганынын сөөгүн алып келген эки кишиден чыккан. Эми тажияга катышкандар үчүн санаторийде обсервация уюштурулду.

БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылына карантин режими киргизилип, 60 киши обсервацияга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбек кызы билдирди.

Анын айтымында, учурда айылдын кире беришине блокпосттор коюлуп, кирип-чыгууга чектөө киргизилди.

"18-май күнү Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн эки тургунунан коронавирус аныкталган. Алар Россияда жүрөк оорусунан каза болгон мигрант тууганынын сөөгүн алып барган. Чек арадагы посттордун биринен анализ тапшырып, бирок жыйынтыгы чыга электе эле өткөрүп жиберишкен. Анализдери кийинки күнү чыгып, коронавирус аныкталган", — деди Кадырбек кызы.

Россияда каза болгон маркумду акыркы сапарга узатууга 60 чакты адам катышкан. Алардын баары Кара-Кочкор санаторийинде уюштурулган обсервацияга жаткырылганы айтылды. Маркумдун сөөгүн алып келген жакындары Россиядан келе жатканда коронавирус жуктуруп алышы мүмкүндүгү да белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0