Мончо иштеткендер кайсы эрежелерди карманышы керек. Сунуштама

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүМончодогу буу бөлмөсү. Архив
Мончодогу буу бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 21-майдан тарта, Кыргызстанда менчик жана чакан мончолор, СПА-борборлор иштей баштайт. Ал эми ири жана муниципалдык мончолор азырынча токтоп турат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) мончо шартында коронавирус жайылып кетпеши үчүн өз сунуштамасын даярдап, мекеменин расмий сайтына жайгаштырды.

Ага ылайык, мончо ээлери кызматкерлердин жана жаңы келген кардарлардын дене табын текшерип турушу керек. Мончо жана сауналардагы бассейндерди иштетүү жана тамак-аш сатуу сунушталбайт.

"Кардарларды алдын ала жазылуу менен кабыл алган туура. Ошондой эле бир үй-бүлөнүн мүчөсү эмес адамдар бири-биринен 1,5 метр аралыкты сакташы керек. Бул үчүн мончо ээлери полго атайын белгилерди коюп койгону жакшы", — деп айтылат сунуштамада.

Соода борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
Кире бериштен буу бөлмөсүнө чейин ар бир жер эки саат сайын тазаланып турушу керек. Бул өзгөчө эшиктин кармоочтору жана отургучтарга тиешелүү.

Кызматкерлер сөзсүз түрдө бет кап жана кол кап кийиши шарт. Ал эми алардын жумуш учурундагы кийими күн сайын жуулушу зарыл.

Эске салсак, Кыргызстанда менчик жана чакан мончолор, СПА-борборлор 21-майдан тарта иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0