Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды. Тизме

© AFP / NOEL CELISОюн аянтчасында ойноп жаткан кыз. Архив
Оюн аянтчасында ойноп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акырындан ишке кире турган тармактар эки этап менен жанданмай болду. Айрымдары 21-майдан тарта кызмат көрсөтө баштаса, кээси дагы төрт күндөн кийин ишке кирет.

БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифинг учурунда мурдагыдай эле иштөөсүнө жана өткөрүүгө тыюу салынган тармактар менен иш-чараларды тизмектеди.

Эскерте кетсек, акырындан ишке кире турган тармактар эки этап менен жанданмай болгон. Айрымдары 21-майдан тарта кызмат көрсөтө баштаса, кээси дагы төрт күндөн кийин ишке кирет.

Тыюу салынган тармактар:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу мекемелер;
  • балдар оюн-зоок жайлары, оюн аянтчалары;
  • интернет-клубдар, ошондой эле компьютердик оюн жайлары;
  • мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдар.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

Бишкекте коомдук транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автобус, троллейбус жана маршруткалар үчүн эрежелер иштелип чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0