Автобус, троллейбус жана маршруткалар үчүн эрежелер иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте коомдук транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив
Бишкекте коомдук транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртеңден тарта карантин чаралары жумшарып, борбор калаада коомдук транспорт ишке кирет. Министрлик атайын эрежелерди иштеп чыкканын айтты.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, эртең, 21-майдан тарта, Бишкекте коомдук транспорт, башкача айтканда, автобус, троллейбус жана маршруткалар жүрө баштайт.

Үсөнбаевдин айтымында, эгер автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди буза турган болсо, иши токтотулат.

"Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктун саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир каттамда тазаланып, дезинфекцияланып турушу шарт. Өз кезегинде ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө бет кап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу күч", — деди Үсөнбаев.

Ал талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөрүн, компания жетекчилери тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын камсыздашы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0